Осакадагы ЭКСПО 2025 көргөзмөсүндө 83 жаштагы эркек киши кыргыз балын уурдоого шектелип кармалды. Бул окуя павильондогу алгачкы камакка алуу болуп калды. 📰 Эл аралык ЭКСПО 2025 көргөзмөсүндө Осакада биринчи жолу павильондун ичинде кармоо катталды. 👮♂️ 83 жаштагы Осака префектурасынын тургуну кыргыз балын уурдоо шеги менен кармалды. Анын баасы 6800 иенге (44 АКШ доллары) бааланган. 📍 Окуя 29 өлкөнүн биргелешкен экспозициялары жайгашкан «A» павильонунда болду. 🕒 Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30 чамасында кароолчу улгайган адамдын экспонатты алып кетүүгө аракет кылып жатканын көрүп, аны полицияга өткөрүп берди. 📺 Окуя болгон жердеги ABC TV телеканалынын кабарчысынын айтымында, кармоо учурунда бир нече экспонаттар жерге чачылган жана жерде суюктук төгүлгөн. 🔍 Окуянын бардык жагдайларын иликтөө жүрүп жатат. Көргөзмө учурунда павильондун ичинде биринчи жолу кармоо фактысы катталды.
ЭКСПО 2025те Осакеде карыя киши кыргыз балын уурдоого аракет кылды
16 апреля 202516 апр 2025
~1 мин