Японияда Кыргызстандын эмгек министри Равшанбек Сабиров менен Transaction Media Networks Inc. компаниясынын башкы директору Алекс Атсуши Отака жолугушуп, миграция жана IT чечимдер жаатындагы кызматташууну талкуулашты. Кыргызстандын жаштарын IT тармагында окутуу жана жапон компаниялары менен биргелешип пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Япон тарап кыргызстандык адистерди IT секторунда ишке алууга даяр экенин билдирди. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Японияга расмий сапарынын алкагында Transaction Media Networks Inc. компаниясынын башкы директору Алекс Атсуши Отака менен жолугушту. 💼 Жолугушууда миграция, жумушка орношуу процесстерин санариптештирүү жана эмгек мобилдүүлүгүн башкарууга IT-чечимдерди киргизүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. 🌐 Япон компаниясынын булут технологиялары, электрондук төлөм системалары жана интеграциялык платформалары Кыргыз Республикасында жарандардын чет өлкөдө
Эмгек министрлиги Япониянын алдыңкы компаниялары менен биргелешкен санарип долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда
16 апреля 202516 апр 2025
1 мин