Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Маданият министрлигинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн аудитте 2022-2023-жылдар аралыгында 913 млн сомдон ашуун финансылык жана процедуралык мыйзам бузуулар аныкталды. Негизги мыйзам бузууларга мамлекеттик сатып алуулардагы кемчиликтер, максатсыз каражаттарды пайдалануу жана мүлктү башкаруудагы кемчиликтер кирет. 119,9 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш, анын 56,7 млн сому кайтарылды. Финансылык тартипти күчөтүү боюнча сунуштар берилди. 🧐 2022-2023-жылдардагы бюджеттин аткарылышын текшерүүдө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде бир катар олуттуу каржылык тартип бузуулар аныкталды. 💰 Аудит учурунда 913 162,7 миң сом өлчөмүндө каржылык жана процедуралык бузуулар катталган. Процедуралык бузуулар 509 168,8 миң сомду түзүп, мамлекеттик сатып алуулардагы тартип бузуулар, ашыкча аванстоо жана мониторингсиз сатып алуулар аныкталган. 💸 300 млн сом резервдик фонддон бөлүнгөн каражаттын 33 570,5 миң сому максатсыз колдонулган. Бул каражаттын бир бөлүгү гастро

Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн аудитте 2022-2023-жылдар аралыгында 913 млн сомдон ашуун финансылык жана процедуралык мыйзам бузуулар аныкталды. Негизги мыйзам бузууларга мамлекеттик сатып алуулардагы кемчиликтер, максатсыз каражаттарды пайдалануу жана мүлктү башкаруудагы кемчиликтер кирет. 119,9 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш, анын 56,7 млн сому кайтарылды. Финансылык тартипти күчөтүү боюнча сунуштар берилди.

🧐 2022-2023-жылдардагы бюджеттин аткарылышын текшерүүдө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде бир катар олуттуу каржылык тартип бузуулар аныкталды.

💰 Аудит учурунда 913 162,7 миң сом өлчөмүндө каржылык жана процедуралык бузуулар катталган. Процедуралык бузуулар 509 168,8 миң сомду түзүп, мамлекеттик сатып алуулардагы тартип бузуулар, ашыкча аванстоо жана мониторингсиз сатып алуулар аныкталган.

💸 300 млн сом резервдик фонддон бөлүнгөн каражаттын 33 570,5 миң сому максатсыз колдонулган. Бул каражаттын бир бөлүгү гастролдорго, спектаклдерди коюуга жана жаштар саясаты боюнча иш-чараларга жумшалган.

📉 Имуществү башкарууда кемчиликтер бар: 62 952,7 миң сомдук мүлк жана товардык-материалдык баалуулуктар бухгалтердик баланста көрсөтүлгөн эмес.

📝 Финансылык документтерди туура эмес жүргүзүү жана дебитордук карызды жашыруу фактылары 29 261,4 миң сомго жеткен.

🛒 Мамлекеттик сатып алуулар тармагында 84 443,9 миң сомдук сатып алуулар талаптагыдай процедураларсыз жүргүзүлгөн.

⚡️ Электр жана жылуулук энергияларын ашыкча керектөө үчүн 7 702,0 миң сом бюджеттик каражат сарпталган.

🔄 Аудиттин жыйынтыгы боюнча 119 995,0 миң сом калыбына келтирилиши керек, анын ичинен азыркы учурда 56 738,7 миң сому кайтарылган.

📊 Министрликке жана анын мекемелерине каржылык тартипти күчөтүү, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана көзөмөл механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштар берилди. Аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, кемчиликтерди жоюу чаралары каралган.