Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Жумгалда президенттин онлайн катышуусу менен балдар искусство мектеби ачылды.

Бүгүн президент Садыр Жапаров катышкан онлайн-иш-чарада Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Ч.Дүйшеева атындагы балдар искусство мектеби ачылды. Мектепте 172 окуучу 14 кесиптик класста окуйт, аларды 18 мугалим окутат. 🎨 Президент Садыр Жапаров катышкан онлайн иш-чарада, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында жайгашкан Ч. Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын ачылышы болду. 🏫 Бул мектеп 1969-жылы Чаек балдар музыкалык мектеби катары негизделген. Жаңы имараттын курулушу 2018-жылы башталган. 👩‍🎓 Учурда мектепте 172 окуучу 14 кесиптик класста (фортепиано, аккордеон, баян, гитара, кыл кыяк, комуз, лектор, вокал, чоор, фольклор) билим алышууда. Аларга 18 мугалим сабак берет. 🏆 Мектептин окуучулары райондук, облустук, республикалык жана эл аралык конкурстарга активдүү катышып, байгелүү орундарды багындырышууда. 🎉 Иш-чарада Нарын облусундагы президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Жумгал районунун акими Адыбек Набиев, айыл ак

Бүгүн президент Садыр Жапаров катышкан онлайн-иш-чарада Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Ч.Дүйшеева атындагы балдар искусство мектеби ачылды. Мектепте 172 окуучу 14 кесиптик класста окуйт, аларды 18 мугалим окутат.

🎨 Президент Садыр Жапаров катышкан онлайн иш-чарада, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында жайгашкан Ч. Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын ачылышы болду.

🏫 Бул мектеп 1969-жылы Чаек балдар музыкалык мектеби катары негизделген. Жаңы имараттын курулушу 2018-жылы башталган.

👩‍🎓 Учурда мектепте 172 окуучу 14 кесиптик класста (фортепиано, аккордеон, баян, гитара, кыл кыяк, комуз, лектор, вокал, чоор, фольклор) билим алышууда. Аларга 18 мугалим сабак берет.

🏆 Мектептин окуучулары райондук, облустук, республикалык жана эл аралык конкурстарга активдүү катышып, байгелүү орундарды багындырышууда.

🎉 Иш-чарада Нарын облусундагы президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Жумгал районунун акими Адыбек Набиев, айыл аксакалдары жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.