Чүй облусунда үйдү өрттөп, киши өлтүрүүнү жашырганга аракет кылган шектүү кармалды. Т.К. аттуу жаран В.С. менен чырдаша кетип, аны өлтүргөн соң үйдү өрттөп, качып кеткен. Шектүү кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
🔥 Чүй облусунда үйдү өрттөп, кылмышты жашырууга аракет кылган шектүү кармалды.
🚒 18-мартта Сокулук районундагы Ысык-Көл көчөсүндө жайгашкан үйдө өрт чыгып, бир адам каза болду.
🕵️♂️ Алдын ала тергөө иштеринде, саат 04:00 чамасында В.С. жана Т.К. аттуу жарандардын ортосунда чыр чыгып, Т.К. В.С.ге денесине жаракат келтирип, анын натыйжасында В.С. окуя болгон жерде каза болгон.
🔥 Т.К. кылмышты жашыруу максатында үйдү өрттөп, окуя болгон жерден качып кеткен.
👮♂️ Т.К. 1995-жылы туулган шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына камакка алынды.
⚖️ Кылмыш иши боюнча бардык зарыл соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатат.