Жалал-Абад шаарында 156 млн сомго республикалык бюджеттен каржыланган үч кабаттуу, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган поликлиника курулуп жатат. Курулуштун 47% аяктады. 🏥 Джалал-Абад шаарында №1 поликлиниканын курулушу уланып жатат. 💰 Поликлиника курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 156 миллион сомду түзөт. 🏢 Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 3,141 чарчы метрди түзүп, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Бул шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарда сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. 🔍 Курулуштун жүрүшү, мөөнөттөрдүн жана аткарылган иштердин сапаты катуу көзөмөлдөнүүдө. Азыркы учурда курулуш иштери 47%га бүткөрүлгөн. 🔧 Бул долбоор аймактагы медициналык кызматтарды жакшыртууга чоң салым кошот.