Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргызстандын аймактарында жашоочуларга электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош облусунда 2025-жылдын 13-мартынан баштап электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери башталды. Бул иш-чаралар 2025-2030-жылдарга карата жаңы тарифтик саясат долбоорунун алкагында бардык облустарда өткөрүлүп жатат. ⚡️ Ош облусунда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери башталды. 📊 Бул иш-чаралар 2025-2030-жылдарга карата жаңы “Кыргыз Республикасынын электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. 🌍 Нарын, Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 👥 Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин кызматкерлери жана Кыргызстандын Улуттук электр тармагы катышууда. 📈 Жолугушууда энергетика тармагынын кызматкерлери жаңы токтом долбооруна киргизилген сунуштарды презентациялашты. 💡 Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды: электр энергиясынын жалпы балансы, тармактын жалпы чыгымдары, э

Ош облусунда 2025-жылдын 13-мартынан баштап электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери башталды. Бул иш-чаралар 2025-2030-жылдарга карата жаңы тарифтик саясат долбоорунун алкагында бардык облустарда өткөрүлүп жатат.

⚡️ Ош облусунда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери башталды.

📊 Бул иш-чаралар 2025-2030-жылдарга карата жаңы “Кыргыз Республикасынын электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

🌍 Нарын, Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

👥 Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин кызматкерлери жана Кыргызстандын Улуттук электр тармагы катышууда.

📈 Жолугушууда энергетика тармагынын кызматкерлери жаңы токтом долбооруна киргизилген сунуштарды презентациялашты.

💡 Жолугушууда төмөнкү маселелер каралды: электр энергиясынын жалпы балансы, тармактын жалпы чыгымдары, энергетика секторундагы учурдагы көйгөйлөр, республикалык бюджеттен энергетикалык компанияларды субсидиялоо процесси, башка өлкөлөрдөгү калк үчүн электр энергиясынын тарифтери жана жаңы керектөөчүлөрдүн топтору.

❓ Керектөөчүлөр учурдагы абал, энергетика тармагындагы көйгөйлөр жана акылдуу эсептегичтерди алмаштыруу шарттары боюнча суроолоруна жооп алышты.