Бишкекте 2025-жылдын 17-мартынан тартып жылуулук берүү токтотулат. Муниципалитетке энергетикалык объекттер өткөрүлүп берилип, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. 600 млн сомдон ашуун үнөмдөлүп, көмүрдүн чыгымы азайтылды. Жаңы инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. 🔥 Бишкек шаарында 2025-жылдын 17-мартынан тарта жылытуу сезону аяктайт. 🌡️ Бишкек шаарынын мэриясы, аба ырайынын божомолу жана тышкы абанын температурасына байланыштуу, жылытуу мезгилин токтотуу чечимин кабыл алды. 🏢 “Электр станциялары” ААКнын филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул реформалардын алкагында Бишкек ТЭЦ жана “Бишкектеплосеть” да мэриянын карамагына өттү. 🔧 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Бишкек ТЭЦтин котел жана турбина жабдууларынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, №3 жана №4 энергетикалык блоктору да оңдолду. ⚡ Бишкек ТЭЦинин электр кубаттуулугу 450 МВт түздү, кошумча резерв 100 МВтка жетти. “Бишкектепло