Найти в Дзене
NAQ MEDIA

2024-жылы кыргызстандык мигранттарга 43,4 млн рублден ашуун төлөнбөгөн эмгек акыларын алууга жардам көрсөтүлдү

2024-жылы кыргызстандык мигранттарга 43 млн 453 миң 400 рубль эмгек акысын алууга жардам берилген. Москвадагы өкүлчүлүк 623 жаранга колдоо көрсөтүп, 47 сот отурумуна катышкан. 11 256 жаранга миграция боюнча кеңеш берилген.

🇰🇬 Кыргызстандын мигранттарына 2024-жылы 43 миллион 453 миң 400 рубль өлчөмүндөгү төлөнбөгөн эмгек акысын кайтарып алууга жардам көрсөтүлдү.

⚖️ Москвадагы Кыргызстандын өкүлчүлүгү 623 кыргызстандыкка эмгек акысын кайтарып алууга көмөктөштү. Жалпы сумма 43 миллион 453 миң 400 рублди түздү.

👨‍⚖️ Өкүлчүлүк кызматкерлери 47 соттук отурумга катышып, Москвада иштеп жаткан 119 жарандын мыйзамдуу укуктарын коргоого жардам беришти.

📚 Жыл ичинде 11 256 жаранга Россия Федерациясынын миграция мыйзамдары боюнча кеңеш берилди.

🏥 3 931 кыргызстандык жаран ОМС полисин алууга жардам алды, ошондой эле ата-энесиз калган же оор турмуштук кырдаалга туш болгон 97 өспүрүм менен иш алып барылды. Алардын айрымдары репатриацияланып, айрым иштери каралууда.