Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү. «Ынтымак Ордо» имаратында мамлекеттик желектер илинип, Ардактуу кароол сапка тизилип, гимндер ойнолду. 🇰🇬 Бишкекте Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү. 🤝 Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Анын кортежи “Ынтымак Ордо” имаратына атчан коштомо менен келди. 🇰🇬🇹🇯 “Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторунда Кыргызстан жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинген, ардактуу кароол тизилип, килем төшөлгөн. 🎶 Президенттер бири-бирин жылуу тосуп алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери ойнолду. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катардагы аскерлерди кыдырып чыгышты. 👥 Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, андан соң ардактуу кароолдун аскерлери мамлекет башчыларынын алд
Кыргызстан жана Тажикстан президенттеринин расмий жолугушуу аземи – сүрөттөр
13 марта 202513 мар 2025
~1 мин