Бишкек мэриясы жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы долбоору боюнча иштерди көзөмөлдөөдө. Долбоорду ишке ашыруудагы кемчиликтер үчүн 62 млн сомдук төлөм токтотулду. Корей агенттиги менен 10 млн долларлык техникалык жардам боюнча келишим түзүлдү.
🚦 Бишкек шаарында “Автоматташтырылган жол кыймылын башкаруу системасы” долбоорунун ишке ашырылышы боюнча кырдаал такталууда.
🔍 Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен пилоттук долбоордун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыктары укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлдү.
💰 Долбоорго 62 млн сом төлөөнү убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Мэрия “Ситроникс” компаниясына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча расмий кат жөнөттү.
🌐 АСУДД долбоору шаарды модернизациялоонун бир бөлүгү болуп саналат жана коопсуз, натыйжалуу жана экологиялык транспорт системасын түзүүгө багытталган. Долбоорду ишке ашыруу жана кеңейтүү улантылат.
🤝 KOICA менен техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашуу жетишилди, алгачкы этапта 2 млн доллар, экинчи этапта 8 млн доллар бөлүнөт.
⚖️ Бишкек шаарынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мурдагы жетекчилери кармалды. Алар чет элдик компаниялар менен пайдалуу эмес келишимдерди түзгөн деп айыпталууда.
📊 Департаменттин кызматкерлери техникалык-экономикалык негиздемесиз жана светофор объектилерин даярдоосуз 128 млн сомго чет элдик компания менен түз сатып алуу ыкмасы менен келишим түзүшкөнү аныкталды.