Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөнүнө 33 жыл болду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 1992-жылы түзүлүп, 33 жыл ичинде улуттук валюта – кыргыз сому киргизилип, банк системасы эл аралык стандарттарга ылайык өрчүп, ишенимдүү улуттук төлөм системасы калыптанды. Банк макроэкономикалык туруктуулук жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу максатында ишин улантууда. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин түзүлгөн жана 1992-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргызгосбанк Улуттук банкка айланган. Бул дата көз карандысыз өлкөнүн борбордук банкынын расмий тарыхындагы баштапкы чекит болуп эсептелет. 📈 Улуттук банктын укуктук статусу, уюштуруунун принциптери, ишмердүүлүгүнүн максаты, негизги милдеттери жана функциялары Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзам менен бекитилген. 💰 33 жыл ичинде Улуттук банк чоң өнүгүү жолун басып өттү: кыргыз сому киргизилип, туруктуу абалын сактап келет, банк системасы эл аралык

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 1992-жылы түзүлүп, 33 жыл ичинде улуттук валюта – кыргыз сому киргизилип, банк системасы эл аралык стандарттарга ылайык өрчүп, ишенимдүү улуттук төлөм системасы калыптанды. Банк макроэкономикалык туруктуулук жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу максатында ишин улантууда.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин түзүлгөн жана 1992-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргызгосбанк Улуттук банкка айланган. Бул дата көз карандысыз өлкөнүн борбордук банкынын расмий тарыхындагы баштапкы чекит болуп эсептелет.

📈 Улуттук банктын укуктук статусу, уюштуруунун принциптери, ишмердүүлүгүнүн максаты, негизги милдеттери жана функциялары Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзам менен бекитилген.

💰 33 жыл ичинде Улуттук банк чоң өнүгүү жолун басып өттү: кыргыз сому киргизилип, туруктуу абалын сактап келет, банк системасы эл аралык стандарттарга шайкеш ийгиликтүү иштеп, өркүндөтүлүп жатат, ишенимдүү улуттук төлөм системасы түзүлдү.

🤝 Улуттук банк мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо, экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу максатында ишмердүүлүгүн улантууну көздөйт.