Бишкекте 15-марттан 17-майга чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Шаардыктар жана ишканалар активдүү катышууга чакырылат.
🌿 Бишкекте 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чаралар өткөрүлөт.
🏢 Шаардык муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул иш-чаралар инфраструктураны жакшыртуу, санитардык абалды тазалоо жана шаарды көрктөндүрүү максатында уюштурулууда.
🌱 Субботниктердин алкагында бардык менчик түрүндөгү уюмдар, мекемелер, ошондой эле көп кабаттуу жана жеке турак жайларда жашаган тургундар тазалоо иштерине тартылат.
🔧 Бишкек шаарынын мэриясына караштуу бөлүмдөр жана башка ишканалар менен биргеликте ишти күчөтүлгөн режимде уюштуруу максатында штаб түзүлдү.
📍 Административдик райондордун башчыларына жана МТУга жаңы кошулган аймактарды кошо эсептеп, ар бир участок менен тааныштыруу тапшырылды.
🌳 «Бишкекзеленстрой» МП жалбырактарды, бутактарды убагында чыгарып, бак отургузуу жана ирригациялык тармактарды тазалоо иштерин уюштурушу керек.
🚛 «Тазалык» МП шаар көчөлөрүн тазалоонун сапатын көзөмөлдөөнү күчөтөт.
🗑️ Субботниктерден кийин шаардык парктарды, эс алуу зоналарын жана башка коомдук жайларды өз убагында санитардык тазалоо жана таштандыларды чыгаруу боюнча милдеттер коюлган.
📢 Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын жана ишкерлерди борборду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чараларына катышууга чакырат!