Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кыргыз азык-түлүктөрүнө кызыккан россиялык соода түйүндөрү

Свердлов облусунун делегациясы Кыргызстандагы компаниялар менен узак мөөнөттүү өнөктөштүккө багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Екатеринбургга азык-түлүк жеткирүү боюнча келишимдерди талкуулашты. 🇰🇬 Кыргызстандын бир катар ишканаларына Орусиянын Свердловск облусунун делегациясы келип кетти. Делегацияны губернатордун орун басары Василий Козлов жетектеди. 🥦 Делегация «ПродИмпекс», «Эко Фармер» жана «Бай Элим» сыяктуу ишканаларга барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. 🤝 Ишканаларга болгон сапарлар учурунда Екатеринбургдун соода түйүндөрүнө азык-түлүк жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык маселелери талкууланды. 🛒 4-мартта Орусиянын соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, конкреттүү келишимдерди түзүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 🍏 Орусиянын соода түйүндөрү, анын ичинде «Доктор Аппетит» («Верный»), «ТК Меридиан», «Продовольственная компания», «Флагман» жана «Бест» жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиштерди, жаңгактарды, буурчактарды сатып ал

Свердлов облусунун делегациясы Кыргызстандагы компаниялар менен узак мөөнөттүү өнөктөштүккө багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Екатеринбургга азык-түлүк жеткирүү боюнча келишимдерди талкуулашты.

🇰🇬 Кыргызстандын бир катар ишканаларына Орусиянын Свердловск облусунун делегациясы келип кетти. Делегацияны губернатордун орун басары Василий Козлов жетектеди.

🥦 Делегация «ПродИмпекс», «Эко Фармер» жана «Бай Элим» сыяктуу ишканаларга барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

🤝 Ишканаларга болгон сапарлар учурунда Екатеринбургдун соода түйүндөрүнө азык-түлүк жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык маселелери талкууланды.

🛒 4-мартта Орусиянын соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлүп, конкреттүү келишимдерди түзүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

🍏 Орусиянын соода түйүндөрү, анын ичинде «Доктор Аппетит» («Верный»), «ТК Меридиан», «Продовольственная компания», «Флагман» жана «Бест» жаңы жана кайра иштетилген жашылча-жемиштерди, жаңгактарды, буурчактарды сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти.