Адылбек Касымалиев 6–7-мартта Вьетнамга расмий сапар менен барып, эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулайт. Сапар алкагында бир катар келишимдерге кол коюлуп, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көңүл бурулат.
🇰🇬 Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы жана Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев 6-7-мартта Социалисттик Республика Вьетнамга расмий иш сапары менен барат.
🤝 Визит учурунда Вьетнамдын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестициялык кызматташуу талкууланат.
📜 Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.
🏛️ Адылбек Касымалиев Вьетнамдын тарыхый-маданий мурастары менен таанышат. Экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
💼 Министрлер кабинетинин төрагасы бизнес-диалогго катышып, Вьетнамдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн келечеги жана инвестицияларды тартуу маселелери талкууланат.