Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Словениянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана тоо демилгелерин илгерилетүү маселелери талкууланды. 🌍 Бишкекте 4-март күнү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Марко Штуцин саясий консультациялардын үчүнчү айлампасын өткөрүштү. 🤝 Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл өз ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө жана ар түрдүү тармактарда тажрыйба алмашууга бурулду. 📜 Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери да каралды. ⛰️ Жолугушууда тоо демилгелери өзгөчө көңүл борборунда болду. Атап айтканда, туруктуу өнүгүү үчүн «Глобалдык тоо диалогу» эл аралык конференциясы, Дүйнөл
Кыргызстан менен Словениянын тышкы иштер министрликтеринин саясий консультациялары болуп өттү.
5 марта 20255 мар 2025
~1 мин