Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Айыл чарба министрлиги чарба аралык каналдарды тазалоо иштерин жигердүү жүргүзүүдө.

2025-жылдын 3-мартына карата 131,3 км аралыктагы каналдар тазаланды. 2025-жылкы сугат мезгилине даярдык көрүү үчүн 500 км каналдарды оңдоо жана тазалоо, 755 гидротехникалык курулмаларды оңдоо пландаштырылган. 🌊 2025-жылдагы сугат мезгилине даярдануу максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүү жана суу ресурстары министрлигинин Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү 131,3 чакырым аралыктагы чарбалар аралык каналдарды тазалоо иштерин аткарышты. 🔧 Жалпысынан 500 чакырым аралыктагы чарбалар аралык каналдарды оңдоо жана механикалык тазалоо, 755 гидротехникалык курулушту, 200 гидрометриялык постту, 91 насос станциясын жана 156 насос агрегатын оңдоо пландалууда. 🚜 40 насос агрегатын калыбына келтирүү жана модернизациялоо, 272 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо иштери да каралган. 📅 2025-жылдагы сугат мезгилине даярдык план-графигине ылайык, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иштер 10-апрелге, Чүй жана Талас облустарында 1-майга, ал эми Ысык-Көл ж

2025-жылдын 3-мартына карата 131,3 км аралыктагы каналдар тазаланды. 2025-жылкы сугат мезгилине даярдык көрүү үчүн 500 км каналдарды оңдоо жана тазалоо, 755 гидротехникалык курулмаларды оңдоо пландаштырылган.

🌊 2025-жылдагы сугат мезгилине даярдануу максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүү жана суу ресурстары министрлигинин Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү 131,3 чакырым аралыктагы чарбалар аралык каналдарды тазалоо иштерин аткарышты.

🔧 Жалпысынан 500 чакырым аралыктагы чарбалар аралык каналдарды оңдоо жана механикалык тазалоо, 755 гидротехникалык курулушту, 200 гидрометриялык постту, 91 насос станциясын жана 156 насос агрегатын оңдоо пландалууда.

🚜 40 насос агрегатын калыбына келтирүү жана модернизациялоо, 272 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо иштери да каралган.

📅 2025-жылдагы сугат мезгилине даярдык план-графигине ылайык, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иштер 10-апрелге, Чүй жана Талас облустарында 1-майга, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында 10-майга чейин аяктайт.

✅ Бул аракеттер сугат мезгилиндеги суу жеткирүүнү жакшыртуу жана айыл чарба ишмердүүлүгүн колдоо максатында жүргүзүлүүдө.