2025-2026-окуу жылында педагогикалык адистиктерге абитуриенттер үчүн талаптар жогорулайт: ОРТ боюнча өтүүчү балл 130га көтөрүлөт жана окутуу аяктагандан кийин сертификаттоо системасы киргизилет.
🎓 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева 2025-2026-окуу жылында педагогикалык адистиктерге тапшыруучу абитуриенттерге талаптар жогорулатыларын билдирди.
📈 Буга чейин 90 балл алган абитуриенттер педагогикалык окуу жайларга тапшыра алышчу. Жаңы окуу жылында бул адистиктер үчүн өтүүчү балл 130га көтөрүлөт.
📜 Мындан тышкары, медициналык жана педагогикалык кызмат көрсөтүүчүлөргө сертификаттоо системасы киргизилет. Бул система окууну аяктагандан кийин ишке ашырылат.
🔍 Бул өзгөрүүлөр билим берүү сапатын жакшыртууга багытталган.