Кыргыз мамлекеттик филармониясында коюлган "Раймалы жана Бегимай" этно-мюзикли көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапты. Динара Жумабаева бул чыгарма көрүүчүлөрдү тарыхыбыздын колорити менен тааныштырганын белгиледи. 🎭 Кыргыз мамлекеттик филармониясында коюлган “Раймалы жана Бегимай” этно-мюзиклы көрүүчүлөрдү таң калтырды. 🌟 Мюзиклдин эпикалык баяны жана кооз жасалгалары, музыкалык коштоосу, актерлордун жана ырчылардын мыкты оюну көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алды. 🎶 Зал толугу менен толуп, кошумча орундар коюлду. Бул чыгарманын дагы бир жолу 7 жана 8-мартта коюлушу пландалууда. 👏 Көрүүчүлөр артисттерге ыраазычылык билдирип, узакка созулган кол чабуулар менен аларды кайра-кайра сахнага чакырышты. 🌍 Бул мюзикл коңшу мамлекеттерге да көрсөтүлүшү мүмкүн, анткени Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы көптөгөн чет элдик күйөрмандарга ээ. 🏆 “Раймалы жана Бегимай” жана өткөн жылы ийгиликке жеткен “Жамиля” мюзиклы улуттук искусствонун казынасына кирди.