Бишкекте өткөн стол тенниси боюнча шаардык турнирге 64 жаш спортчу катышты. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланды. Максат – мектеп окуучулары арасында ден соолук маданиятын жайылтуу жана мыкты оюнчуларды аныктоо. 🏓 Бишкекте шаардык деңгээлдеги стол тенниси боюнча турнир болуп өттү. 🏅 Турнирге борбордун ар кайсы райондорунан 16 команда катышып, жалпы 64 жаш спортчу өз күчтөрүн сынашты. 🎓 Катышуучулар Бишкектеги жалпы билим берүүчү мектептер арасында өткөрүлгөн райондук этаптардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган. 🏆 Мелдештин жыйынтыгы боюнча, эркектер арасында 1-орунду Свердлов районундагы №65 мектептин командасы жеңип алды. 🏆 Кыздар арасында Свердлов районундагы №1 мектептин командасы биринчи орунду ээледи. 🎖 Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. 🎯 Турнирдин башкы максаты — мектеп окуучулары арасында стол теннисин өнүктүрүү, дени сак жашоо образын жайылтуу жана күчтүү оюнчуларды аныктоо.