Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн 42,2 миң тонна дизель жана 12 миң тонна бензин талап кылынат. Учурда күйүүчү май менен камсыздоо маселеси жок, ал эми фермерлерге 10 миң тонна дизель майы 65 сомдон жеңилдетилген баада берилет. 🌾 2025-жылдын жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн 42,2 миң тонна дизель майы жана 12 миң тонна бензин талап кылынат. ⛽ Министрлик билдиргендей, учурда күйүүчү майларды жеткирүүдө көйгөйлөр жок. 🛢️ Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, мунай базаларында жана май куюучу станцияларда дизель жана бензиндин жетиштүү запастары бар. 🚜 2025-жылдын жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында, мамлекеттик материалдык резервдер фонду дыйкандарга 10 миң тоннага чейин дизель майын 65 сомдук жеңилдетилген баада сунуштайт.