Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте 171 интимдик кызмат көрсөткөн кыз аныкталды

Бишкекте "Притон" иш-чарасы уланууда. Милиция сауналарды, суткалык батирлерди жана мейманканаларды текшерип, интимдик кызмат көрсөткөн 171 кызды аныктады. 10 административдик протокол түзүлдү. Жарандардан маалымат берүү суралат. Анонимдүүлүк кепилденет. 🔍 Бишкекте “Притон” аттуу операциялык-профилактикалык иш-чара уланып жатат. 🚨 Милиция кызматкерлери сауналарды, суткалык батирлерди, мейманканаларды жана болжолдуу борделдерди текшерүүдө. 👮‍♀️ Жыйынтыгында, интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 171 кыз аныкталып, 10 административдик протокол түзүлдү. 📜 Протоколдор Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 109-2-беренеси “Проституция менен алектенүү” боюнча түзүлдү. 🔎 Милиция интимдик кызмат көрсөтүүчүлөрдү жана притон уюштуруучуларды аныктоо иштерин улантууда. 📞 Жарандарга жана борбордун конокторуна интимдик кызматтар көрсөтүлгөн жерлер же бул ишмердүүлүк менен алектенген адамдар тууралуу маалымат болсо, төмөнкү телефондорго билдирүү өтүнүчү менен кайрылышууда: WhatsApp:

Бишкекте "Притон" иш-чарасы уланууда. Милиция сауналарды, суткалык батирлерди жана мейманканаларды текшерип, интимдик кызмат көрсөткөн 171 кызды аныктады. 10 административдик протокол түзүлдү. Жарандардан маалымат берүү суралат. Анонимдүүлүк кепилденет.

🔍 Бишкекте “Притон” аттуу операциялык-профилактикалык иш-чара уланып жатат.

🚨 Милиция кызматкерлери сауналарды, суткалык батирлерди, мейманканаларды жана болжолдуу борделдерди текшерүүдө.

👮‍♀️ Жыйынтыгында, интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 171 кыз аныкталып, 10 административдик протокол түзүлдү.

📜 Протоколдор Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 109-2-беренеси “Проституция менен алектенүү” боюнча түзүлдү.

🔎 Милиция интимдик кызмат көрсөтүүчүлөрдү жана притон уюштуруучуларды аныктоо иштерин улантууда.

📞 Жарандарга жана борбордун конокторуна интимдик кызматтар көрсөтүлгөн жерлер же бул ишмердүүлүк менен алектенген адамдар тууралуу маалымат болсо, төмөнкү телефондорго билдирүү өтүнүчү менен кайрылышууда: WhatsApp: 0 (701) 700-251, кезмет бөлүмү: 0 (312) 43-73-75, 102. Анонимдүүлүк кепилденет.

⚖️ Бардык күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылат.