Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Жыл башынан бери «балага сүйүнчү» 14 миңден ашуун ымыркайга берилди.

2025-жылдын 1-февралына карата "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү 14 346 балага 57 млн 522 миң сом өлчөмүндө берилген. Үч эмдерге 150 000 сом төлөнгөн. Төлөмдү алуу үчүн 6 ай ичинде арыз берүү керек. 🍼 Кыргызстанда 2025-жылдын 1-февралына карата “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү 14 346 балага 57 млн 522 миң сом өлчөмүндө төлөндү. Үч эмге 150 000 сом берилген. 👶 Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, 2024-жылы 14 835 балага 59 млн 477 миң сом төлөнгөн. 📊 Ар бир төрөлгөн бала үчүн “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү 4000 сомду түзөт, ал эми үч же андан көп бала бир убакта төрөлсө, ар бирине 50 миң сом төлөнөт. 📝 “Балага сүйүнчү” төлөмүн алуу үчүн жарандар калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына кайрылышы керек. Төлөм алуу үчүн арызды баланын төрөлгөн күнүнөн тартып алты айдын ичинде тапшыруу зарыл. 💳 Арыз тапшырылгандан кийин эки иш күндүн ичинде каражат банктагы транзиттик эсепке которулат. Жарандар каражатты РСК жана Айыл банктарынын каалаган ф

2025-жылдын 1-февралына карата "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү 14 346 балага 57 млн 522 миң сом өлчөмүндө берилген. Үч эмдерге 150 000 сом төлөнгөн. Төлөмдү алуу үчүн 6 ай ичинде арыз берүү керек.

🍼 Кыргызстанда 2025-жылдын 1-февралына карата “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү 14 346 балага 57 млн 522 миң сом өлчөмүндө төлөндү. Үч эмге 150 000 сом берилген.

👶 Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, 2024-жылы 14 835 балага 59 млн 477 миң сом төлөнгөн.

📊 Ар бир төрөлгөн бала үчүн “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү 4000 сомду түзөт, ал эми үч же андан көп бала бир убакта төрөлсө, ар бирине 50 миң сом төлөнөт.

📝 “Балага сүйүнчү” төлөмүн алуу үчүн жарандар калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына кайрылышы керек. Төлөм алуу үчүн арызды баланын төрөлгөн күнүнөн тартып алты айдын ичинде тапшыруу зарыл.

💳 Арыз тапшырылгандан кийин эки иш күндүн ичинде каражат банктагы транзиттик эсепке которулат. Жарандар каражатты РСК жана Айыл банктарынын каалаган филиалынан алты айдын ичинде алууга тийиш.

📝 Төлөмдү алуу үчүн керектүү документтер: жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк.

📱 Арыз толтурууда туура мобилдик телефон номерин көрсөтүү зарыл, анткени акча которулгандан кийин банк аркылуу СМС-билдирүү жөнөтүлөт.

📞 Суроолор боюнча байланыш номери: 0312 312 502.