Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Жабырлануучуну Telegram аркылуу алдап, 65 000 доллар зыян келтирген. Шектүү К.Б. кармалып, тергөө жүрүп жатат. 🔍 Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды. 👥 18-февралда Е.П. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз адамдар аны Telegram мессенджери жана «Newmar Group» тобу аркылуу алдап, фонддук биржага инвестиция жасоого көндүргөнүн билдирген. Алдамчылыктын натыйжасында жаран 65 000 АКШ долларынан айрылган. 📈 Шектүүлөр аны фонддук брокер Г.Д. аркылуу акча каражаттарын инвестициялоого ишендирген. Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. 👮♂️ Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1993-жылы туулган К.Б. аттуу шектүү кармалып, Октябрь райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткирилди. Ал Бишкек шаардык ГУВДнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 🔍 Тинтүү учурунда 32 ячейкалык СИМ-бокс, 6 USB
Бишкектик келин фондулук биржадан акча табууну көздөп, алдамчыга 65 миң долларын алдатып жиберди.
21 февраля 202521 фев 2025
~1 мин