Марракеште (Марокко) өткөн Жол коопсуздугу боюнча Төртүнчү глобалдык конференцияда Кыргызстанды ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жетектеген делегация өкүлдөрү катышты. Конференцияда жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча эл аралык кызматташтыкты талкуулоо жана иш-чараларды пландоо максатында дүйнөнүн 193 өлкөсүнөн 2,5 миң делегат чогулду. 🚗 Марракеш шаарында (Марокко) жол коопсуздугу боюнча Төртүнчү глобалдык конференция өтүп жатат. Бул иш-чарада БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган 2011–2030-жылдар аралыгындагы жол коопсуздугу боюнча экинчи Декаданын ортолук жыйынтыктары чыгарылууда. 🌍 Конференциянын уюштуруучулары Марокко Королдугу жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Бул иш-чара ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө тажрыйба алмашууга, жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү талкуулоого, ошондой эле жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча кийинки кадамдарды аныктоого мүмкүнчүлүк берет. 👥 Конференцияга 193 өлкөдөн 2,5 миңдей делегат катышууда, алардын ичинде мамлекетти
Кыргыз Республикасынын ИИМ делегациясы Мароккодо өткөн жол коопсуздугу боюнча глобалдык конференцияга катышты.
20 февраля 202520 фев 2025
1 мин