Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Европарламенттын Адам укуктары боюнча Подкомитетинин мүчөлөрү Кыргызстандагы демократиялык жетишкендиктерди белгилешти

Жээнбек Кулубаев Европарламенттын Адам укуктары боюнча Подкомитетинин мүчөлөрү менен жолугушуп, Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусунун келечегин талкуулады. Ал эми Мунир Сатури демократиялык стандарттарды сактоонун маанисин белгилеп, ачык диалогго даяр экенин айтты. 🌍 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча Подкомитетинин мүчөлөрү 26-февралда жолугушуу өткөрүштү. 🤝 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. 📚 Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары Европа Союзу менен ар тараптуу кызматташтыкты жана тең укуктуу диалогду белгиледи. 🌐 Кыргыз Республикасы Европа Союзу менен укуктун үстөмдүгү, билим берүү, санариптештирүү, транспорттук байланыш, экономиканын диверсификациясы, инвестициялар жана туризм сыяктуу тармактарда активдүү иш алып барууда. 🙏 Европа Парламентинин

Жээнбек Кулубаев Европарламенттын Адам укуктары боюнча Подкомитетинин мүчөлөрү менен жолугушуп, Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташуусунун келечегин талкуулады. Ал эми Мунир Сатури демократиялык стандарттарды сактоонун маанисин белгилеп, ачык диалогго даяр экенин айтты.

🌍 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча Подкомитетинин мүчөлөрү 26-февралда жолугушуу өткөрүштү.

🤝 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

📚 Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары Европа Союзу менен ар тараптуу кызматташтыкты жана тең укуктуу диалогду белгиледи.

🌐 Кыргыз Республикасы Европа Союзу менен укуктун үстөмдүгү, билим берүү, санариптештирүү, транспорттук байланыш, экономиканын диверсификациясы, инвестициялар жана туризм сыяктуу тармактарда активдүү иш алып барууда.

🙏 Европа Парламентинин Адам укуктары боюнча Подкомитетинин төрагасы Мунир Сатури жылуу кабыл алуу жана жолугушууларды уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

🗣️ Ал демократиялык стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Европа Парламентинин ачык жана конструктивдүү диалогго даярдыгын тастыктады.

📈 Подкомитеттин мүчөлөрү Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктерин жана адам укуктарын сактоого берилгендигин баса белгилешти.

🔗 Жыйынтыгында Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасы өзүнүн өнөктөштөрү менен конструктивдүү диалог жүргүзүүдө дайыма кызыкдар экенин жана өз ара кызыкчылыкты жараткан бардык темаларды талкуулоого ачык экенин белгиледи.