Кыргызстандагы бардык мектептерде «Стоп рэкетирству в школах!» флешмобу башталды. Бул демилге балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн рэкетчиликти токтотууга багытталган. #РэкетчиликкеЖолБербейли хештеги менен иш-чаралардын сүрөттөрүн жана видеолорун бөлүшүңүз. 📢 Бардык мектептерде “Мектептеги рэкетирликке токтотуу!” аттуу флешмоб башталды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 👥 Рэкетирлик – бул норма эмес жана биз аны биргеликте токтотушубуз керек! Флешмобго кошулуп, балдардын коопсуздугу биздин жалпы приоритет экенин көрсөтүңүз. 📸 Кантип катышуу керек? Мектептерде өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын сүрөт же видеолорун тартып, #РэкетчиликкеЖолБербейли, #БалдарБиздинКелечегибиз, #Мектеп, #Мугалим, #Ата-эне хештегдери менен жарыялаңыз. 🌟 Мектептеги рэкетирликке каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн айтып бериңиз. Балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүү үчүн бирге аракет кылалы!
Мектептерде «Мектептеги рэкетирликке каршы» флешмобу башталды!
18 февраля 202518 фев 2025
~1 мин