Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

ӨКМ өлкөдөгү бардык ооруканаларды күчөтүлгөн текшерүүдөн өткөрүүдө.

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-февралдан тартып өлкөдөгү бардык ооруканалардын өрт коопсуздугун текшерүүнү күчөттү. Эрежелер бузулган учурда 23 миң сом айып салынат. 🔥 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-февралдан тартып өлкөдөгү бардык оорукана мекемелеринде өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын күчөтүлгөн тартипте текшерүүнү баштады. 📝 Текшерүүлөрдүн негизинде эрежелердин бузулуштарын жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүүлөр берилет. ⏳ Бузулуштарды оңдоо үчүн үч күндөн отуз күнгө чейин убакыт берилет. 💰 Эгерде көзөмөлдөө текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр аткарылбаса, 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат. 🕯️ 11-февралда Бишкектеги НИИКХда чыккан өрттөн эки бала каза болгон.

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-февралдан тартып өлкөдөгү бардык ооруканалардын өрт коопсуздугун текшерүүнү күчөттү. Эрежелер бузулган учурда 23 миң сом айып салынат.

🔥 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-февралдан тартып өлкөдөгү бардык оорукана мекемелеринде өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын күчөтүлгөн тартипте текшерүүнү баштады.

📝 Текшерүүлөрдүн негизинде эрежелердин бузулуштарын жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүүлөр берилет.

⏳ Бузулуштарды оңдоо үчүн үч күндөн отуз күнгө чейин убакыт берилет.

💰 Эгерде көзөмөлдөө текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр аткарылбаса, 23 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат.

🕯️ 11-февралда Бишкектеги НИИКХда чыккан өрттөн эки бала каза болгон.