Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында 16,5 га аянттагы мамлекеттик балык чарбасын мыйзамсыз түрдө арзандатылган баада сатышты. Аукционду уюштуруу жана сатуу боюнча мамлекеттик кызматкерлер кармалды. 🐟 Боо-Терек айылында жайгашкан Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 16,5 гектар аянттагы Талас мамлекеттик рыбохозяйствосу мыйзамсыз түрдө аукцион аркылуу сатылганы аныкталды. ⚖️ Соттун чечими менен жүргүзүлгөн аукциондо пруд №1 мыйзамсыз сатылган. 👥 Бул иш боюнча бир нече мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Бакай-Ата районунун сот аткаруучусу Ш.А.Ж., Бакай-Ата районунун салык кызматынын башчысы Ж.Б.Н., жана прудду мыйзамсыз сатып алган Ч.М.А. кармалды. 💰 Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, шектүүлөр пруддун баасын атайын түрдө 874 500 сомго төмөндөтүп, өз кызыкчылыгы үчүн сатышкан. 🚔 Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга 1 айлык мөөнөткө киргизилди.