Бишкек шаарынын Ала-Арча суу сактагычынын жанынан киши өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланууда. ⚖️ Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелген адамдар кармалды. 🚔 20-февралда Ала-Арча суу сактагычынын жанында белгисиз адамдын сөөгү табылган. 🕵️ Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, каза болгон адамды аныкташты. Ал 1981-жылы туулган А.А. аттуу мурда соттолгон жаран болуп чыкты. 🔍 Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. 👮 Шектүүлөр катары 1995-жылы туулган Б.И., 2004-жылы туулган Б.С., 2002-жылы туулган Б.Ч., 1999-жылы туулган Т.К., 1996-жылы туулган А.Т., жана 1996-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 🔬 Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн иш алып барууда жана каза болгон адамдын өлүмүнүн так себептерин аныктоо үчүн зарыл болгон бардык экспертизалар дайындал
Бишкекте эркек кишинин сөөгү табылып, алты шектүү кармалды (сүрөт +18)
25 февраля 202525 фев 2025
~1 мин