Бишкектин Биринчи Май районунда П. Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде түндө чоң өрт чыкты. Өрт 13 өрт өчүрүүчү техника, дрон жана башка кызматтардын жардамы менен эртең менен толугу менен өчүрүлдү. 3000 чарчы метр аянт күйүп кетти, жабыркагандар жок. 🚒 Бишкектин Первомай районунда ири өрт чыкты. 🔥 Өрт П. Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде түнкү саат 2:19да башталган. 🚒 Өрттү өчүрүү үчүн 13 өрт өчүрүүчү техника, оперативдүү топ, дрон жана штаб тартылган. 💧 Мындан тышкары, “Тазалык” жана “Бишкекзеленохоз” кызматтарынан экиден суу ташуучу унаа, РЭТ бригадасы, төрт милиция экипажы, 90 кызматкер жана тез жардам кызматы ишке киргизилген. 🕒 Өрт саат 6:04тө локалдаштырылып, 9:08де толук өчүрүлгөн. 📏 Өрттүн болжолдуу аянты 3000 чарчы метрди түзгөн, контейнерлер күйүп кеткен. 🙏 Окуянын натыйжасында эч ким жабыркаган эмес, адамдардын өмүрүнө коркунуч жок.
Кудайберген базарындагы чоң өрт: 3000 чарчы метр аянтты камтыды
25 февраля 202525 фев 2025
~1 мин