Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Тоо-Ашуу ашуусундагы К. Колбаев атындагы тоннель убактылуу жабылды. VOLVO жүк ташуучу унаасы желдетүү системасынын желдеткичине тийип, жол кыймылына коркунуч жаратты. Жерде эки куткаруучу жана тоннелдин кызматкерлери иштеп жатышат. 🚧 Бишкек – Ош жолунун 129-чакырымында жайгашкан К. Колбаев атындагы тоннель убактылуу бардык транспорт каражаттары үчүн жабылды. 🚛 VOLVO маркасындагы жүк ташуучу унаа вентиляция системасынын вентиляторун сүзүп, жол кыймылы үчүн кооптуу абал жаратты. 👷♂️ Окуя болгон жерде эки куткаруучу жана тоннелдин кызматкерлери иштеп жатышат. 📢 Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.