Кыргызстандын эл акыны Нурпайыс Жаркынбаев 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кыргыз адабиятына чоң салым кошуп, көптөгөн чыгармаларды жараткан жана башка тилдерге которгон. Жаркынбаевдин эмгектери мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар сыйлыктарга ээ болгон.
🕊️ Кыргызстандын эли жана улуттук адабияты чоң жоготууга учурады. 2025-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
📚 Нурпаис Жаркынбаев 1939-жылдын 15-январында Жумгал районунун Кара-Чий айылында төрөлгөн. Ал 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, окуусун аяктагандан кийин көп жылдар бою корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, “Ленинчил жаш” гезитинин редакторунун орун басары болуп иштеген.
📰 1973–1975-жылдары Москвада Жогорку партиялык мектептин журналистика факультетинде окуган. 1975–1986-жылдары “Кыргызстан коммунисти” журналынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, 1995-жылдан тартып “Советтик Кыргызстан” республикалык гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
✍️ Нурпаис Жаркынбаев СССР жазуучулар союзунун мүчөсү (1966-жылдан), журналисттер союзунун мүчөсү (1982-жылдан) болгон. Ал көп жылдар бою Кыргызстандын жазуучулар союзунун башкармалыгынын ревизиялык комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.
📖 Анын “Жаштык жазы” (1966), “Өмүрлөр тоодон башталат” (1970), “Чабалекей” (1972) сыяктуу көптөгөн чыгармалары бар. Анын чыгармалары казак, каракалпак, молдован, украин, өзбек, уйгур жана башка тилдерге которулган.
🏅 Нурпаис Жаркынбаевдин адабият, маданият жана басма жаатындагы эмгектери мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар сыйлыктар менен белгиленген. Ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият кызматкери (1994) жана эл акыны (2018) деген ардактуу наамдар ыйгарылган.
🙏 Нурпаис Жаркынбаевдин жаркын элеси дайыма биздин эсибизде калат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.