Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү үчүн 30% арзандатуу менен мамлекеттик дотация берилет. Бул чара айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана фермерлерди колдоого багытталган. 🌱 Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында өкмөт 2025-жылдын жазгы себүү мезгили үчүн сертификатталган үрөн материалдарын дотациялоо боюнча каражат бөлүү чечимин кабыл алды. 🌾 Республикадагы үрөн чарбалары тарабынан 5724,7 тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнүн артыкчылыктуу үрөндөрү мамлекеттик дотацияга даярдалды. 🌿 Үрөндөрдүн түрлөрү боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй: жаздык буудай – 1159,5 тонна, жаздык арпа – 4168 тонна, жүгөрү – 140 тонна, пахта – 76,5 тонна, эспарцет – 57 тонна, люцерна үрөндөрү – 30,7 тонна, картошка – 93,0 тонна. 💰 Фермерлер сертификатталган үрөндөрдү 30% арзандатуу менен ала алышат. Бул чечим айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого жана үрөн чарбаларында жогорку сапаттагы
Айыл чарба министрлиги дыйкандар үчүн 5,7 миң тонна дотациялык үрөн даярдады.
12 февраля 202512 фев 2025
~1 мин