Кыргыз журналистикасы чоң жоготууга учурады: белгилүү журналист Нарын Айып дүйнөдөн кайтты. Ал кесипкөйлүгү жана эмгекчилдиги менен ар дайым кесиптештеринин жүрөгүндө калат. 😢 Кыргыз журналистикасы чоң жоготууга учурады – белгилүү журналист Нарын Айып дүйнөдөн кайтты. 👨💼 Нарын Айып 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал Бишкектеги №44 орто мектепти 1969-жылы аяктап, 1974-жылы КНУнун физика факультетин артыкчылык менен бүтүргөн. 📚 Журналистикадагы карьерасын 1990-жылы Москвада «Мурек» гезитинин башкы редактору болуп иштөө менен баштаган. 1993-жылдан 2007-жылга чейин “Радио Свободная Европа / Радио Свобода”нын кыргыз кызматына эмгектенген. 📺 2008-2010-жылдары “Кабар” улуттук маалымат агенттигин жетектеген жана 2010-2014-жылдары КТРК “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору болгон. 📰 2015-жылы “ПроМедиа” коомдук фондун негиздеген жана Zanoza.kg сайтын ишке киргизген. 2017-2021-жылдары «5 каналдын» редактору жана алып баруучусу болуп иштеген. 💼 Нарын
Нарын АЙЫП журналистиканын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, кесиптештери үчүн үлгү боло алды.
14 февраля 202514 фев 2025
1 мин