Бишкекте "ЭлКат" компаниясынын негиздөөчүлөрү кармалды. Мамлекеттик үлүштү мыйзамсыз менчикке өткөрүү боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Коррупциялык аракеттерден улам мамлекет ири зыян тарткан. 🔍 Бишкек шаарында “ЭлКат” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү кармалды. Бул компания өлкөнүн ири интернет провайдерлеринин бири болуп эсептелет. 🕵️♂️ 1994-жылы “ЭлКат” мамлекеттик-жеке ишканасы түзүлгөн, анын 51% Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына, ал эми 49% “Компьютердик технологиялар борбору” ЖЧКсына таандык болгон. 🔄 1998-жылы “ЭлКат” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү өзгөрүп, “Айкол-5” ЖЧКсы кирген. Бул компаниянын негиздөөчүлөрү жана Президенттин иш башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз түрдө “ЭлКат” ЖЧКсынын 100% үлүшүн ээлеп алуу үчүн кылмыштуу сүйлөшүүгө барышкан. ⚖️ 2006-2007-жылдары бул адамдар кызмат абалдарын жана коррупциялык байланыштарын колдонуп, мыйзамсыз сот чечимдерин чыгартууга жетишишкен. Натыйжада, Президенттин иш башкармалыгы “ЭлКат” ЖЧКсынын катышуучуларынын катар
«ЭлКат» компаниясындагы коррупция иши боюнча Президенттин Иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери кармалды
13 февраля 202513 фев 2025
1 мин