Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүү аткаминерлердин жана “жер мафиясынын” катышуусунда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларынын бети ачылды. 22 гектар айыл чарба жерин трансформациялоо үчүн жасалма документтерди жасаган деп шектелген бир нече адам, анын ичинде мурдагы депутат жана азыркы юрист кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда. 🏛️ Ош облусунун Өзгөн районунда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларынын бети ачылды. 👮♂️ Иликтөө иштеринин натыйжасында Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты жана “жер мафиясы” делген топтун лидерлеринин бири кармалды. 📜 Тергөөнүн жүрүшүндө 2019-2021-жылдар аралыгында жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмелери бурмаланып, 22 гектар жердин статусун мыйзамсыз өзгөртүүгө жол берилгени аныкталган. 🗂️ Бул схемага катышкан айыл аймактын мурдагы башчысы, азыркы юрист жана алардын шериги да кармалды. 🔍 КР УКМК жер боюнча алдамчылыктын жаңы катышуучуларын аныктоо менен иликтөөсүн улантууда.