Кант шаарында окуучулардын ортосундагы жаңжалдан кийин болгон мектеп окуучусунун өлүмүн иликтөөнү ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алды. Учурда кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды. 😢 Бишкекте мектеп окуучусунун каргашалуу өлүмү боюнча ишти Ички иштер министри өз көзөмөлүнө алды. ⚖️ 2025-жылдын 22-январында Кант шаарында эки мектеп окуучусунун ортосунда жаңжал чыгып, алардын бири оор жаракат алган. 🏥 Жабырлануучу 10-класстын окуучусу Р.А., тез арада ооруканага жаткырылган, бирок тилекке каршы, эсине келбей каза болгон. 🔍 Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, бардык жагдайларды тактоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалып жатат. 👮♂️ Ички иштер министри Улан Ниязбеков тергөө иштери анын жеке көзөмөлүндө болоруна жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлөрүнө кепилдик берди.
Кант шаарындагы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча иликтөөнү ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алды
27 января 202527 янв 2025
~1 мин