Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бакыт Төрөбаев менен Питер Сиярто KVFRди 34 миллион долларга кошумча капиталдаштырууну макулдашты

Будапештте Бакыт Төрөбаев менен Петер Сияртонун жолугушуусу өтүп, анда стратегиялык өнөктөштүк, металлургия тармагындагы кызматташуу, Кыргыз-Венгрия фондунун уставдык капиталын көбөйтүү жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар экологиялык жактан таза продукцияны Европага экспорттоо жана логистикалык борборлорду түзүүгө да басым жасады. 🌍 Кыргызстан менен Венгрия стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө. 🤝 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сиярто менен жолугушуп, ноябрь айында кол коюлган Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча декларацияны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. 🔧 Металлургия тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери, анын ичинде венгриялык компаниядан Бишкек штамптоо заводуна жабдууларды алып келүү маселелери талкууланды. 🌊 Балатон көлүнүн тажрыйбасын эске алуу менен Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүг

Будапештте Бакыт Төрөбаев менен Петер Сияртонун жолугушуусу өтүп, анда стратегиялык өнөктөштүк, металлургия тармагындагы кызматташуу, Кыргыз-Венгрия фондунун уставдык капиталын көбөйтүү жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар экологиялык жактан таза продукцияны Европага экспорттоо жана логистикалык борборлорду түзүүгө да басым жасады.

🌍 Кыргызстан менен Венгрия стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө.

🤝 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сиярто менен жолугушуп, ноябрь айында кол коюлган Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча декларацияны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

🔧 Металлургия тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери, анын ичинде венгриялык компаниядан Бишкек штамптоо заводуна жабдууларды алып келүү маселелери талкууланды.

🌊 Балатон көлүнүн тажрыйбасын эске алуу менен Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү каралды.

💰 Соода-экономикалык алакаларды колдоо максатында Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 34 миллион долларга көбөйтүү боюнча келишим түзүлдү.

📦 Кыргызстандан Европага экологиялык таза продукцияны экспорттоону көбөйтүү чаралары, анын ичинде логистикалык борборлорду түзүү талкууланды.

✈️ Төрөбаев менен Сийярто ошондой эле билим берүү, миграция жана авиация тармагындагы кызматташуу маселелерине токтолуп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү белгилешти.