Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Сузакта жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүргөн айдоочу кармалды

Сузакта Honda CR-V унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Окуя 11-январда болуп, жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кармалган адам тергөөгө өткөрүлүп берилди. 🚨 Сузакта жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. 👮‍♂️ 11-январь күнү саат 21:10до Сузак районунда оор жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1970-жылы туулган жөө жүргүнчү каза болгон. Кагылышууга себепкер болгон унаанын айдоочусу окуя болгон жерден чыгып кеткен. 🚓 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери дароо ыкчам издөө иштерин баштады. Натыйжада кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактап, кармашты. 🚙 Honda CR-V унаасынын 19 жаштагы айдоочусу кармалды. Ал кошумча иликтөө үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. 🛑 Унаа айып жайга киргизилип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сузакта Honda CR-V унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Окуя 11-январда болуп, жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кармалган адам тергөөгө өткөрүлүп берилди.

🚨 Сузакта жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды.

👮‍♂️ 11-январь күнү саат 21:10до Сузак районунда оор жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1970-жылы туулган жөө жүргүнчү каза болгон. Кагылышууга себепкер болгон унаанын айдоочусу окуя болгон жерден чыгып кеткен.

🚓 Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери дароо ыкчам издөө иштерин баштады. Натыйжада кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактап, кармашты.

🚙 Honda CR-V унаасынын 19 жаштагы айдоочусу кармалды. Ал кошумча иликтөө үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

🛑 Унаа айып жайга киргизилип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.