Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Алгачкы мелдештерде 57, 65, 74, 86 жана 97 килограммга чейинки салмак категорияларында жеңүүчүлөр аныкталып, мыкты спортчулар медалдарга ээ болушкан. Бүгүн жаңы категориялар боюнча мелдештер уланууда.
🥇Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.
🏆 10-январда өткөн мелдеште 57, 65, 74, 86 жана 97 кг салмакта жеңүүчүлөр аныкталды.
🥈 57 кг салмакта 1-орунду Абдымалик Карачев, 2-орунду Мухамедрасул Салиев, 3-орунду Азиретали Оңолбеков менен Азим Абдыкалыков бөлүштү.
🥉 65 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу жеңип, 2-орунду Билол Шарип уулу, 3-орунду Азат Токтоматов менен Нурсадык Нурдинов ээледи.
🏅 74 кг салмакта 1-орунду Орозбек Токтомамбетов, 2-орунду Канат Керимбеков, 3-орунду Ислам Туратбеков менен Өмүрбек Таалайбек уулу бөлүштү.
🥊 86 кг салмакта Мухаммед Абдуллаев эң мыкты, Стамбул Жаныбек уулу 2-орунду, 3-орунду Атай Изабеков менен Мухаммеднияз Абазбеков ээледи.
💪 97 кг салмакта Каныбек Абдулхайыров жеңишке жетишсе, Бекзат Тендиков экинчи, Кутман Төлөлбадиев менен Үсөн Адылбек уулу үчүнчү орунду бөлүштү.
📅 Бүгүн 61, 70, 79, 92 жана 125 кг салмак категорияларында мелдештер күтүлүүдө.