Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасы туруктуу экенин Айыл чарба министрлигинин мониторинги билдирди. Негизги базарларда бодо малдын эти 550 сомдон 650 сомго чейин, жылкынын эти 450 сомдон 600 сомго чейин, козу эти 500 сомдон 600 сомго чейин бааланууда. Социалдык платформалар ишин улантууда. 📊 Бишкекте негизги товарлардын баасы туруктуу бойдон калууда. 🥩 Айыл чарба министрлиги шаардын үч негизги базарында: Аламүдүн, Орто-Сай жана Ош базарларындагы эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүздү. 📈 Аламүдүн базарында бодо малдын эти 550-600, жылкынын эти 500-550, козу 500-590 сомдон сатылууда. 🛒 Орто-Сай базарында бодо малдын эти 550-650 сом, жылкынын эти 500-600, козу 580-600 сомдон сатылууда. 📊 Ош базарында бодо малдын эти 550-580 сом, жылкынын эти 450-550 сом, козу 550-580 сомго чейин бааланууда. 🏪 Азык-түлүк базарларындагы социалдык аянтчалар калк үчүн негизги азыктардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен ишин улантууда.