Азербайджан аба жолдорунун Бакудан Грозныйга учуп бараткан Embraer 190 учагы Актауда кулап түшкөн. Учакта 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 адам аман калып, алардын 22си ооруканага жаткырылган. Жабыркагандар тууралуу маалыматтар жана жүргүнчүлөрдүн тизмелери такталууда. ✈️ Актауда Азербайжан аба жолдорунун учагы менен кырсык болду. 🚑 Бакудан Грозныйга учуп бараткан Embraer 190 учагы шаардан 3 чакырым алыстыкта авариялык конууга мажбур болгон. 🌍 Учакта 67 адам болгон, алардын 37си Азербайжандын, 6сы Казакстандын, 3ү Кыргызстандын жана 16сы Орусиянын жараны болгон. 🩺 Алдын ала маалыматтар боюнча 25 адам аман калып, анын 22си ооруканага жаткырылган. 📋 Учурда жүргүнчүлөрдүн тизмелери жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар такталууда. 🏥 Жабыркагандар буга чейин медициналык мекемелерге жеткирилип, керектүү жардам көрсөтүлгөн.