21-23-декабрь аралыгында Бишкек шаарында 600дөн ашык катышуучунун башын бириктирген GTF таэквондо боюнча Кыргызстандын VIII чемпионаты болуп өттү. Жеңүүчүлөргө медалдар тапшырылып, 2025-жылы БАЭде өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты. 🥋 Бишкекте таэквондо GTF боюнча Кыргызстандын VIII чемпионаты өттү. 🏆 21-23-декабрга чейин “Газпром” спорт комплексине өлкөнүн бардык аймактарынан 600дөн ашык спортчулар чогулушту. 🏅 Турнирдин жеңүүчүлөрү Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция тарабынан берилген дипломдор жана медалдар менен сыйланышты. 🌍 Кошумчалай кетсек, мыкты катышуучулар 2025-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты. 🥇 Бул иш-чара Кыргызстанда таэквондону өнүктүрүүнүн жана эл аралык мелдештерге даярдануунун маанилүү этабы болуп калды.
Бишкекте таэквондо GTF боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
24 декабря 202424 дек 2024
~1 мин