Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош облусунун Алай райондук сотунда болуп, сот адилеттигинин сапаты жана сот чечимдеринин аткарылышы боюнча пикир алмашты. 1980-жылдары курулган сот имараты 28 миллион сомдон ашык суммага капиталдык оңдоодон өткөн. Сотто судьяларды жана сот аткаруучуларды кошкондо 25 кызматкер иштейт. 🏛️ Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош облусу боюнча иш сапарын улантып, Алай райондук сотунда болду. 👥 Сатыевдин иш сапарын сот тутумунун негизги өкүлдөрү, анын ичинде Ош облустук сотунун төрагасы жана Сот департаментинин облустук бөлүмүнүн башчысы коштоп жүрдү. 📊 Соттун жамааты менен болгон жолугушууда сот адилеттигинин сапаты, сот чечимдеринин аткарылышы жана соттук аткаруучуларды керектүү форма менен камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды. 🏗️ Алай райондук соту 1982-1983-жылдары курулган жаңы имаратка көчүп, 2019-жылы Сот департаментинин карамагына өткөн. Имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө 28 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн