Бишкекте көптөгөн орден жана медалдар менен сыйланган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жашында каза болду. Ал фронтто немецтердин 76 машинасын кармап, баатырдык керсеткен. Согуштан кийин башкы эсепчи болуп иштеп, өзүнүн фонду аркылуу кары-картаңдарга, майыптарга активдүү жардам берген. Шаар мэриясы анын жакындарына көңүл айтты.
🕊️ Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жашында дүйнөдөн кайтты.
🎖️ Урманбетов 1923-жылы туулган, II топтогу майып болгон. Ал Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы жерлеринде кызмат өтөп, ал жерде укмуштай эрдик көрсөткөн.
🚀 1943-жылы декабрда Асек маанилүү чалгындоо миссиясын аткарып, анын жүрүшүндө эки жолдошу менен бирге 76 немис машинасын жүк менен кармаган.
🏅 Ардагер Жеңиштин урматына Ата Мекендик согуш жана Кызыл Жылдыз ордендери, ошондой эле көптөгөн медалдар, анын ичинде юбилейлик сыйлыктар менен сыйланган.
📚 Аскердик милдетин өтөп келгенден кийин Урманбетов айыл чарбасында башкы эсепчи, ревизор болуп иштеген, ошондой эле белгилүү акын жана жазуучу болгон.
🤝 Ал өзүнүн “Ак жол” коомдук фонду аркылуу кары-картаңдарды, майыптарды жана кароосуз калган балдарды активдүү колдоого алган.
💔 Бишкек шаарынын мэриясы Асек Урманбетовдун тарыхка жана коомго кошкон салымынын маанисин баса белгилеп, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.