“Кыргызфильм” киностудиясы 2024-жылкы Олимпиадага лицензия утуп алган кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу “Бир туугандык Жеңиш” тасмасынын конспектисине сынак жарыялайт. Долбоор Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстанды бириктирет. 🎬 Бишкекте мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу тасмага конспект түзүү боюнча сынак башталды. 🥇 Мелдеш “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан уюштурулуп, 2024-жылкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп, күмүш медалга ээ болгон жалгыз кыргызстандык мушкерге арналган. 🎥 “Бир туугандык жеңиш” деген аталыштагы тасма толук метраждуу жана 90 мүнөткө созулат. 🌍 Долбоор Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылууда. 👥 Бардык катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссия болочок тасманын конспектин түзгөн жеңүүчүнү тандайт.
“Кыргызфильмден” мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу тасманын мыкты конспектиси үчүн сынак
17 декабря 202417 дек 2024
~1 мин