Ош шаарында жаштардын жаңы жылдык балы өтүп, ага шаар мэри жана активисттер баш болгон 400гө жакын катышуучулар чогулду. “Бизнестеги мыктылар” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлап, байгелүү сынактарды өткөрдүк. 🎉 Ош шаарында шаардын активдүү жаштарынын башын бириктирген жаштардын жаңы жылдык балы болуп өттү. 👥 Иш-чарага шаар мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов баш болгон 400гө жакын адам катышты. 🏆 Балда жаштардын ар кыл тармактагы жетишкендиктерин баса белгилеген 30 номинация боюнча “Бизнестеги мыктылар” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланышты. 🎶 Конокторго сынактар жана белектер менен оюн-зоок программасы сунушталып, майрамдык жана достук атмосферасын түзүштү. 🌟 Иш-чара Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, облустагы жаштардын демилгелери колдоого алынып, өнүгүп жаткандыгынан кабар берет.