Талас облусунун Манас районунда 4,5 км 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо иштери аяктап, 110 даана жыгач мамылар темир бетонго алмаштырылды. Ошондой эле, 9,8 км 0,4 кВ линия жаңыланып, 286,83 км аба чубалгылары тейлөөгө алынган, анын ичинде трансформаторлорду капиталдык оңдоо жана көмөкчордондорду техникалык тейлөө. ⚡️ Талас облусунун Манас районунда аба электр чубалгыларын реконструкциялоо иштери аяктады. 🔧 4,5 км 10 кВ аба чубалгысы жаңыланып, 110 даана эскирген жыгач мамылар заманбап темир-бетон түркүктөргө алмаштырылды. 🔌 0,4 кВ линия реконструкцияланып, узундугу 9,8 км жаңы СИП кабелин орнотуу жана 200 эски тирөөчтөрдү алмаштыруу менен ишке ашырылды. 🛠️ 10 кВ аба чубалгыларынын 286,83 чакырымын оңдоо иштери жүргүзүлсө, 0,4 кВ линиясында пландалган 284,11 чакырымдын 261,3 чакырымы бүткөрүлдү. 🔋 25 трансформатордун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, 111 трансформатордук көмөкчордондор пландык оңдоодон өткөрүлдү.