Буга чейин Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалап келген Адиев Капарбек Абдужалалович Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими болуп дайындалды. Мэр ага аймакты өнүктүрүү, анын ичинде жашылдандыруу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча милдеттерди койду. Кубанычбек Айтакунов кызматтан өз каалоосу менен кетти. 🏙️ Бишкекте Свердлов районунун жаңы акими дайындалды. 👔 Буга чейин Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары кызматын аркалап келген Адиев Капарбек Абдужалалович учурда борбордун Свердлов районун жетектейт. 📋 Мэр Айбек Жунушалиев жаңы акимге инфраструктураны өнүктүрүү жана жакшыртуу сыяктуу бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи. 🛠️ Базарларга, тротуарларды курууга жана коомдук жайларды жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. 🔄 Кубанычбек Айтакунов өз арызы менен ээлеген кызматынан кеткендигин мэр расмий билдирди.